АЧЫТКЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

бозо, максым, кымыз, камыр ж.б-ды ачыта турган көрөӊгө, үрп, камыр туруш. Бозо, максым, кымыздын А-сы ‒ көрөӊгө; кымыздын алгачкы А-сы ‒ үрп (мурунку жылы күзүндөгү кымыздын үрпүн сүзүп алып кургатып коёт); камырдын А-сы ‒ камыр туруш. Камыр ачытууда камыр туруш жок болуп калса, А-нын ордуна бозо колдонушкан. Максымдын көрөӊгөсү калбай калса, А. катары бозону же камыр турушту жылымык сууга эзип куюшкан. Учурда күндөлүк турмушта камыр ачытууда камыр туруштун ордуна атайын технологиялык жол м-н даярдалган А. колдонулат.