АЧЫК-ТАШ КҮКҮРТ КОЛЧЕДАН КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 ‒ Талас р-нунда, Талас ш-нан 28 км түн.-батышта, деӊиз деӊг. 1800‒2000 м бийиктикте жайгашкан. Жерг. эл илгертен эле кенден алынган күкүрттөн дары жасаган. 1945‒55-ж. СССР

хим. өнөр жай министирлигинин «Средазгеохим разведка» трести чалгындоо ишин жүргүзгөн. Кен аймагы протерозойдун өтө метаморфизмделген кристаллдуу сланецтеринен түзүлгөн. Кенде колчедандын (пириттин) калыӊдыгы 400 м ж-а уз. 2 км болгон 2 зонасы бөлүнгөн. Кенташта (рудада) пириттин өлчөмү 30‒95%. Кенташтан күкүрт к-тасын алууга болот. Бекитилген күкүрттүн запасы: В категориясы б-ча 493 миӊ т, С1 ‒ 1729 миӊ т, С2 ‒ 976 миӊ т.