АЧУУ ЖУМУШТАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 ‒ кендерди жер бетинен

ачык казып алууда пайдалуу катмарлардын үстүндөгү тектерди алып таштоо. Кендин үстүндөгү тоотектер катуу болгондо, А. ж. жардыруу аркылуу тектерди талкалап, аларды экскаватор м-н трансп. вагондорго жүктөө, ташуудан турат. Тоотектери жумшак болсо, алар массивден экскватор м-н казылып, талкалоо ж-а жүктөө жумуштары чогуу аткарылат. Катмарлуу кенташ (руда) горизонталь б-ча ж-а бир аз жантык жайланышканда, үстүндөгү тектердин калыӊдыгы 35 мден ашпаса пайдасыз тоотектер карьердин бош орундарына экскватор м-н оодарылып төгүлөт да, бардык процесстер ди бир гана механизм аткарат. А. ж. тектерди оодарып төгүүгө карата ‒ туурасынан, узатасы нан ж-а аралаш иштетүүлөр болуп бөлүнөт. Өркүндөтүлгөн ж-а механикалаштырылган ири жабдууларды колдонуу А. ж-нын наркын төмөндөтүп, пайдалуу казылмалардын үнөмдүү иштелишин камсыз кылат.