АЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 ‒ молекуладагы көмүртек атомдору бири-бири м-н жөнөкөй, кош же үч байланыштар аркылуу бириккен, калган валенттүүлүктөрү суутектин атому м-н байланышкан ачык чынжырлуу углеводороддор ж-а алардын туундулары. Алар алифаттык же май катарындагы бирикмелер деп аталат. Булар белгилүү шартта карбоциклдүү ж-а гетероциклдүү бирикмелерге, тескерисинче алар кайра А. б-ге өтөт. Мис., ацетилен ж-а анын гомологдору жогорку темп-рада (600°С) ароматтык бирикмелерди пайда кылса, циклопропанды ж-а тиофенди гидрирлөөдөн пропан м-н бутан алынат. А. б-дин негизги булагы ‒ нефть ж-а өсүмдүктөр, СО м-н Н2ден синтезделип алынган өнөр жай продуктулары. Нефтини кайра иштетүүдөн өнөр жайда негизинен алкандар м-н алкендер алынат. А. б-ден өнөр жайда самын, ар түрдүү орг. эриткичтер (эфир, хлороформ, дихлорэтан, ацетон ж. б.), антифриздер, жыпар жыттуу ж. б. заттар алынат. С. Адылов.