АХМАДУЛИНА Белла (Изабелла) Ахатовна: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Mariya
No edit summary
imported>Mariya
(Айырма жок)

03:35, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы

АХМАДУЛИНА Белла (Изабелла) Ахатовна (10. 4. 1937-ж. т., Москва ш.) ‒ орус акыны. Москвадагы М. Горький атн. адабият ин-тун бүткөн (1960). Чыгармалары 1955-жылдан жарык көргөн. 1960-жылдан эстрадалык поэзия аркылуу тааныла баштаган. 1964-ж. «Ушундай жигит бар» (реж. В. М. Шукшин) фильмине тартылган. Адамдардын ички акыл-ой мүдөөлөрү «Кыл» (1962) аттуу ырлар жыйнагында чагылдырылган. Ал модернисттик мүнөз менен салттуу классиканы таӊ каларлыктай айкалыштыра билет. А. С. Пушкин, Б. Л. Пастернак ж. б. көрүнүктүү орус акындарынын таасири Ахмадулина чыгармачылыгына символ катары кирген. «Музыка сабагы» (1969), «Ырлар» (1975), «Шам», «Бороон» (1977), «Жашырын сыр» (1983) ж. б. ыр жыйнактары бар. Ахмадулина проза чыгармаларынын («Иттер жана ит», 1979; «Кокустук», 2000) да автору. Ал грузин акындарынын (Н. Бараташвили, Г. Табидзе, С. Чиковани ж. б.) ырларын орус тилине которгон. СССРдин (1989), РФтин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2004).
Ж. Медералиева.