АХМАД-ШАХ ДУРРАНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

(1721‒1773) ‒ көз каранды эмес афган мамлекети ‒ Дуррани державасынын (1747‒1818) негиздөөчүсү. 1747-жылдан ал мамлекет башына келген соӊ, Дуррани («берметтин бермети») наамын алган ж-а ал чыккан абдали уруусу дурранилер уруусу деп атала баштаган. Иран шахы Надир-шах Афшардын жортуулдарына катышып, өзүн таланттуу аскер башчы катары көрсөткөн. Надир-шах дүйнөдөн кайткандан кийин (1747), Иран армиясынын курамындагы афган отряддары м-н Афганистанга кайтып келип, бардык афган урууларын өзүнүн бийлиги астында бириктирген. Индияга, Иранга, Түш. Түркстанга жортуулдарды уюштурган. 1748‒57-ж. Пенжаб, Кашмир, Сирхинд, Синд, Хорасан, Балх, Белужистанды басып алган. 1761-ж. Патипаттын жанындагы салгылашуу да маратхылардын аскерлерин талкалагандан кийин, Дурранилер державасы ири империяга айланган. Афганистандын шаарлары өсүп, мад-ты гүлдөп, экон. жогорулаган.