АУТОГЕНДИК КӨНҮГҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

(гр. autogenes ‒ өзү чыгаруу) ‒ стресстин таасиринен бузулган организмдин булчуӊдарын максималдуу бошоӊдотуу ж-а өзүн-өзү ишендирүү м-н дарылануучу психотерапиялык ыкма. Аны немец окумуштуусу И. Шульц сунуш кылган (1932). СССРде М. С. Лебединский (1963) тарабынан жакшыртылган. А. к-нү өзүнчө же дары-дармектер м-н өз денесинде жылуулукту сезүү, колу-бутунун булчуӊ эттерин өз эркинче бошотуу, өзүн-өзү тынчтан дыруу, дарылоонун ийгиликтүү болушуна ишенүүгө көндүрөт. Нерв системасынын иши бузулганда А. к-нү өзүнчө же дары-дармектер м-н аралаш жүргүзсө натыйжалуу болот. А. к. ыкмаларын жакшы билген спортчу старт алдындагы толкунданып-калтыроодон оӊой кутулат.