АУТОГЕН МИНЕРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

(гр. autigenes ‒ пайда болушу жергиликтүү) ‒ седиментация процессинен же алгачкы тунган жеринде калган чөгүндүлөрдүн кийинки өзгөрүүлөрүнөн пайда болгон чөкмө тоотек минералдары. Аларга ар түрдүү карбонаттар, чополуу ж-а кенташ (руда) минералдары, эрүүчү туздар, кварц, барит, целестин, талаа шпаты ж. б. кирет. Чөкмө тоотектердин пайда болуу шарттарын ж-а алардын кандай өзгөрүү процесстерине учураганын изилдөөдө А. минералдарынын мааниси чоӊ.