АУБАКИРОВ Маннаф: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Temirkan
No edit summary
imported>Dilde
(Айырма жок)

09:27, 25 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы

АУБАКИРОВ Маннаф (1925, Чыгыш Казакстан обл., Зайсан ш.‒ 1945, Германия) ‒ Даӊк орденинин толук кавалери. Советтик Армияга 1943-ж. мартта Кыргыз ССРинин Кочкор р-ндук аскер комиссариаты тарабынан чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушка Степной, 1-Беларус жана 2-Прибалтика фронтторунун курамында замбиректин командири болуп катышкан.

Файл:АУБАКИРОВ43.png

Курск салгылашуусунда, Пулавск плацдармында жана душмандын Варшава ‒ Радомск топторун талкалоодогу эрдиги үчүн 3-даражадагы (25. 8. 1944), Нова-Валя кыш. бошотуудагы эрдиги үчүн 2-даражадагы (17. 2. 1945) Даӊк орденин алган. 1945-ж. Берлин операциясына катышып, Лебус ш-на (Германия) жакын жердеги урушта курман болгон. Ошондогу каармандыгы үчүн кийин 1-даражадагы Даӊк ордени менен сыйланган (15. 5. 1946). Баатыр жоокердин сөөгү Франкфурт-на-Одердеги Шторков ш-нын четине коюлган.