АТРИБУЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 (лат. attributio ‒ таандыктык) ‒ 1) адабият таанууда көркөм чыгарманын авторун же анын кайда, качан жазылганын аныктоо. А. ‒ текстологиянын илгертен бери келаткан өтө орчундуу маселелеринин бири. Адабий чындыкты ачуу үчүн А-нын тарыхында методологиялык трагедиянын автору жөнөкөй актёр Шекспир болууга мүмкүн эмес деген шектүү ойлор пайда болгон. Мындай маселелер А-лык далилдер м-н чечилген. А-лык далилдерди изилдөө үч топко бөлүнөт: документ фактылар, тексттин идеялык-образдык мазмунундагы мүнөздүү белгилер ж-а тил м-н стилди анализдөө; 2) искусство таанууда А. негизинен чыгарманын стилистикалык ж-а технол. өзгөчөлүктөрүн (материалын, композициясын, сүрөтчү

нүн жекече манерасын ж. б.) анализдөөгө негизделет. А-да чыгарманын сюжетин ж-а кимге арналгандыгын ачуу, тарыхый-маданий маалыматтарды пайдалануу чоӊ роль ойнойт. Мурда А. адистердин эмпириялык билимине ж-а божомолуна негизделип келсе, 19-к-дын аягынан ил.-стилистикалык анализге, хим. ж-а физ. изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ж. б. таянат.