АТМОСФЕРАДАГЫ ЖАНА ГИДРОСФЕРАДАГЫ ТУРБУЛЕНТТҮҮЛҮК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 ‒ аба ж-а суу агымдарын дагы айрым бөлүктөрдүн кыймылынын иретсиз диги. Атмосферадагы абанын ж-а океан м-н деӊиздеги суунун агымдарында, алардын кээ бир бөлүктөрүнүн алмашуусу закон ченемдүү кыймылда эмес, иретсиз татаал траектория б-ча жүргөндүктөн, кыймылдагы катмарлардын интенсивдүү буркандаган аралашуусун пайда кылат (к. Турбуленттүүлүк ). Үндүн абада таралбай калышы, жылдыздардын жымыӊдашы, учуп бара жаткан самолёттун ылдый түшүп кетүүсү турбуленттүүлүк м-н түшүндүрүлөт. Турбулент түүлүктү изилдөө айрыкча шаарларды куруу пландарын иштеп чыгууда (шаардын үстүндө түтүндүн же чаӊдын аз турушу, түтөтүүлөрдүн жардамы м-н өсүмдүктөрдү үшүктөн сактап калуу ж. б. маселелерди чечүүдө) чоӊ роль ойнойт.