АТАНТАЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
556-684>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

Рыскул уулу (19-к-дын 1-жарымын да жашаган) ‒ Нарын аймагындагы кыргыздардын Цинь династиясынын аскерлерин ж-а Кокон хандыгына каршы боштондук күрөштөрүн жетектегендердин бири. Нарын өрөөнүндөгү чоро саяк уруусунан чыккан элдик баатыр Тайлак баатырдын агасы. А. м-н Тайлак 19-к-дын 20-жылдарында Чыгыш Түркстандагы элдердин Кытай империясынын баскынчылык согушуна каршы күрөштөрүн ар тараптан колдоп келишкен. Чыгыш Түркстандагы көтөрүлүштүн башчысы Жааӊгер Кожону кууп келген кытайлык аскерлерди талкалоодо А-дын ролу чоӊ. Андан кийин Кокон хандыгынын басып алуучулук саясатына каршы 1831-ж. Нарын аймагындагы кыргыздардын күрөшүн да А. м-н Тайлак жетектешкен.