АТАМКУЛОВА Калемкаш: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
556-684>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 Калемкаш (12. 3. 1933-ж. т., Чүй обл., Сокулук р-ну, Белек айылы) ‒ театр артисти, КРдин эл арт. (1993). Москвадагы А. В. Луначарский атн. Театр иск-восу ин-тун
Файл:АТАМКУЛОВА21.png

бүтүргөн (1963). А. Куттубаевден таалим алган. 1963‒93-ж. М. Рыскулов атн. Нарын обл. муз. драма театрын да, 1993-жылдан Респ-лык жаштар театрында иштеген. А. орус, дүйнөлүк, улуттук спектаклдерде башкы ролдорду ойноп, каармандарынын образын, кулк-мүнөзүн, ички дүйнөсүн жеткиликтүү даражада түзө алган. Аткарган ролдору: Жамал (К. Жантөшев, «Каныбек»), Агафия Тихонов на, Анна Андреевна (Н. В. Гоголь, «Үйлөнүү», «Текшерүүчү»), Эмилия (У. Шекспир, «Отелло»), Эне (Ж. Садыков, «Табалды Пудовкин»), Кадича, Тотой, Көктурсун (Ч. Айтматов, «Кызыл жоолук жалжалым», «Бетме-бет», «Кыямат»), Эне (К. Мамбетакунов, «Үкөй»), Эжеси (С. Раев, «Күн кармаган бала») ж. б. Медалдар м-н сыйланган. Т. Сатаров.