АТАЛАЙ Бесим: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Mariya
No edit summary
imported>Mariya
м (Mariya moved page АТАЛАЙ to АТАЛАЙ Бесим)
(Айырма жок)

04:54, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы

АТАЛАЙ Бесим (1882‒1965) ‒ түркиялык тилчи жана жазуучу. Педагогикалык окуу жайын бүтүргөн. Конья педагогикалык окуу жайында мугалим, Трабзон, Анкара педагогикалык окуу жайларында директор болуп иштеген. 18 жыл түрк тили коомунун башкы комиссиясынын мүчөсү болгон. Ал орто кылымдардагы түрк жазуу эстеликтерин которуп, басмага даярдаган түрколог катары белгилүү. «Дивани-лугат-ат-түрк» (1939‒43), «Эт тухфетүз-Зе кийе фил ‒ луугатит-түркийени» эстелигин изилдеп, которуп жарыкка чыгарган. Түрк тилинин грамматикасы, синтаксиси өзгөчөлүктөрүн камтыган баалуу эмгектерин: «Түрк тилинин эрежелери» (1931), «Түрк тилиндеги мүчө жана уӊгу боюнча бир тажрыйба» (1942), «Түрк тилинде сөз жасоо жолдору» (1946) ж. б. жазган.