АТ-БАШЫ КӨТӨРҮЛҮШҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
556-684>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 ‒ 1931-ж. Ат-Башы р-нунда болгон элдин нааразылык козголоӊу. Негизинен Ат-Башыдагы черик уруусунун ак

чубак тукумундагылар катышкан. Ошол мезгилде айрым чек арачылардын элге жасаган шовинисттик мамилелерине, совет бийлигинин кулакка тартуу, мал-мүлктү ортолоштуруу саясатына нааразы болушкан жергиликтүүлөр Ак-Бейит сакчылар пунктунун (застава) начальнигин өлтүрүшкөн (эстелиги азыр да Ат-Башы айылында), Чеч-Дөбөдөгү сакчылар пунктуна кол салууга аракеттенишкен (союл, камчы, кетмен, күрөк, шылкетме м-н куралданышкан). Чек арачылар замбирек м-н тоону карай бир-эки жолу атканда эле алар кайра качышкан. Чек арачылар артынан түшүп, көтөрүлүшчүлөрдү аёосуз кырган, айрымдары Кытайга кире качып кутулушкан.

Ы. Кадыров.