АССИММЕТРИЯЛЫК СИНТЕЗ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
556-684>KadyrM No edit summary |
imported>Kadyrm м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:36, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
‒ оптикалык жактан аракетсиз ж-а ассимметрия борбору жок заттардан оптикалык активдүү бирикмелер пайда болуучу хим. процесс. Ассимметриялоочу агенттин (оптикалык активдүү бирикмелер) же кандайдыр бир физ. факторлордун катышуусунда жүрөт. 1904-ж. нем. химиги В. Марквольд оптикалык активдүү метилэтилуксус к-тасын 1-жолу алган. Жарым-жартылай А. с-ге алкендерди же карбонил бирикмелерин гидрлөө, галогендөө кирет. Ассимметриялык катализ практикалык чоӊ мааниге ээ. Ал гербициддерди, оптикалык активдүү ментолду, амин к-таларды, кантты алмаштыруучу заттарды, Паркинсон оорусун дарылоочу гидроксифенилаланин ди ж. б. синтездөөдө колдонулат.