АСПЕРДИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Temirkan
No edit summary
imported>Kadyrm
м (→‎top: категория кошуу)
2 сап: 2 сап:


                                                                                                                   ''А. Абасбеков.''<br>
                                                                                                                   ''А. Абасбеков.''<br>
[[Категория:1-Том]]

04:33, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -деги абалы

АСПЕРДИ Чот уулу А ж ы д а т к а (болжол менен 1780‒1852) ‒ кыргыздардан чыккан таасирдүү инсан, саруу уруусунун бийи. 1826-жылы Мадалы хандын тушунда датка наамын алып, ага Талас өрөөнүн башкаруу укугу берилген. Ошондон баштап эл арасында «Ажы бий», «Ажы датка» аталып калган. 1842-жылдагы элдик көтөрүлүштө бир тууган жээни Шераалыны хан көтөрүүдө чоӊ роль ойногон. Асперди датка өмүрүнүн акырына чейин Талас өрөөнүндөгү Кара-Буура суусунун жээгинде жашаган жана кыргыз элинде кадыр-баркка ээ болгон. Кокон хандыгы менен кыргыз элинин байланыштарына өз салымын кошкон. Хандык менен кыргыз элинин ортосундагы карым-катнашты, достукту жана ынтымакты чыӊдоого аракетин жумшаган. Датка динди бекем тутуп, бийлигин калыстык менен жүргүзгөн.

                                                                                                                  А. Абасбеков.