АСПАРУХ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
556-684>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

, И с п е р и х, Е с п е р и х, И с п о р (болжол м-н 644‒701) ‒ протоболгарлардын уногунбурлар же кутригурлар урууларынын ханы; Биринчи Болгар падышачылыгынын алгачкы ханы (681‒701). 7-к-дын ортосунда хазарлардын кысымынан улам А. протоболгар урууларынын айрым бөлүктөрү м-н Азов боюнан Түш. Бессарабияга, андан ары Византиянын бийлиги астындагы Дунайдын оӊ жээгине журт которууга аргасыз болгон. А. жетектеген протоболгар уруулары Добруджага ж-а анын айланасындагы аймактарга отурукташып, жерг. жети славян уруусун баш ийдирүү м-н бул жакта өзүлөрүнүн мамлекетин негиздешкен. А. Дунай боюнда хазарлар м-н болгон согушта курман болгон. 981-ж. Византия империясы А-тун мамлекетин тааныган.