АСЕПТИКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
497-555>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

(а... ж-агр. septikos – ириндүү, ириңдетүүчү) – операцияда, жарат таңууда керектелүүчү аспап, жип, тампон ж. у. с. буюмдардагы микробдорду физ. жолдор м-н зыянсыздандыруу чаралары. А. жаратка ириңдетүүчү бактерияларды киргизбей, аларды жок кылууга багытталган. Немец хирургу Э. Бергман зыянсыздандыруунун жаңы ыкмасын иштеп чыккан. Операцияда же таңууда пайдаланылуучу материал микроорганизмден тазаланат (стерилдөө). Хирургдун колу атайын каражаттар м-н стерилденет. Биринчи мед. жардам берүү эрежелерин да сактоо зарыл. Үй шартында стерилденген таңуучу материалдар (даки, бинт, салфетка, кебез ж. б.) дайыма болуш керек.