АСАНКУЛОВ Жумабек: нускалардын айырмасы
imported>Турганбаев Элебай No edit summary |
imported>Турганбаев Элебай No edit summary |

| 2 сап: | 2 сап: | ||
[[File:АСАНКУЛОВ_75.png | thumb|none]] | [[File:АСАНКУЛОВ_75.png | thumb|none]] | ||
[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||

1955–1961-жылдарда Кыргыз CCP Министрлер Coветине караштуу Мамлекеттик коопсуздук комитетинде бөлүмдүн начальнигинин орун басары, 1961–1966-жылдары ушул эле комитеттин [[Ош облусу]] боюнча башкармалыгынын начальниги, 1966–1967-жылдары [[Кыргызстан]] КП БКнын административдик органдар бөлүмүнүн башчысы, 1967–1978- |
1955–1961-жылдарда Кыргыз CCP Министрлер Coветине караштуу Мамлекеттик коопсуздук комитетинде бөлүмдүн начальнигинин орун басары, 1961–1966-жылдары ушул эле комитеттин [[Ош облусу]] боюнча башкармалыгынын начальниги, 1966–1967-жылдары [[Кыргызстан]] КП БКнын административдик органдар бөлүмүнүн башчысы, 1967–1978-жылдары Кыргыз CCP Министрлер Советине караштуу Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы, 1978–1989-жылдары СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин институтунда атайын курстун начальниги, 1989–1991-жылдары [[Кыргыз Республикасы]]нын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы, 1998–2000-жылдары КР [[Президент]]и А. [[Акаев]]дин кеңешчиси, кеңешчинин милдетин аткаруучу, КР Коопсуздук Кеңешинин эксперт-консультанты жана эксперт-кеңешчисинин милдетин аткаруучу, 2000–2001-жылдары КРдин Премьер-министри К. С. [[Бакиев]]дин кеңешчиси болуп иштеген. [[Кыргыз CCP Жогорку Совети]]нин депутаты (1963–1966; 1967–1970; 1971–1975), СССР эл депутаты (1989). Эки Кызыл Туу, Эмгек Кызыл Туу, 2-даражадагы Манас (2005) ордендери жанa медалдар менен сыйланган.

05:01, 18 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
АСАНКУЛОВ Жумабек [20. 02. 1927, СССР, РСФСР, Кара-Кыргыз автономиялуу (азыркы Чүй) облусу, Пишпек уезди, Талкан болуштугу (азыркы Москва району), Кепер-Арык айылы – 22. 04. 2007, Россия Федерациясы, Москва шаары)] – генерал-лейтенант (1991). 1944–1945-жылдары Петров районундагы С. М. Будённый атындагы колхоздо эсепчи-таразачы. 1946-жылдан мамлекеттик коопсуздук кызматтарында иштеген. 1948-жылы СССР Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин алдындагы Ташкент шаардык край аралык мектебин бүтүргөн. 1952-жылдан Кыргыз CCP Мамлекеттик коопсуздук министрлигинде бөлүмдүн оперуполномочени, улук оперуполномочени, начальниги болуп иштеп, 1955-жылы Кыргыз CCP Министрлер Советине караштуу Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жогорку мектебин аяктаган.
1955–1961-жылдарда Кыргыз CCP Министрлер Coветине караштуу Мамлекеттик коопсуздук комитетинде бөлүмдүн начальнигинин орун басары, 1961–1966-жылдары ушул эле комитеттин Ош облусу боюнча башкармалыгынын начальниги, 1966–1967-жылдары Кыргызстан КП БКнын административдик органдар бөлүмүнүн башчысы, 1967–1978-жылдары Кыргыз CCP Министрлер Советине караштуу Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы, 1978–1989-жылдары СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин институтунда атайын курстун начальниги, 1989–1991-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы, 1998–2000-жылдары КР Президенти А. Акаевдин кеңешчиси, кеңешчинин милдетин аткаруучу, КР Коопсуздук Кеңешинин эксперт-консультанты жана эксперт-кеңешчисинин милдетин аткаруучу, 2000–2001-жылдары КРдин Премьер-министри К. С. Бакиевдин кеңешчиси болуп иштеген. Кыргыз CCP Жогорку Советинин депутаты (1963–1966; 1967–1970; 1971–1975), СССР эл депутаты (1989). Эки Кызыл Туу, Эмгек Кызыл Туу, 2-даражадагы Манас (2005) ордендери жанa медалдар менен сыйланган.