АРХЕОЛОГИЯЛЫК МАДАНИЯТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
497-555>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

– бир тарыхый мезгилге таандык, жерг. өзгөчөлүктөрү бар ж-а айрым бир аймакта топтолгон археол. эстеликтердин жалпылыгын аныктоо үчүн колдонулуучу түшүнүк. А. м-тын аталышы көбүнчө эстеликтер табылган жердин аты, о. эле сөөк коюунун салты, карапага, курал-жарактарга түшүрүлгөн оймо-чиймелер же белгилердин бүтүндөй тобуна карата коюлат. А. м-ты изилдөө аларды жазуу булактары аркылуу белгилүү уруулар м-н салыштырууга мүмкүндүк берет. Мад-ттагы окшош көрүнүштөр айрым урууларда геогр. ж-а социал. бирдей шарттарда бири бирине байланышсыз эле пайда болушу мүмкүн. А. мад-т – байыркы эстеликтердин датасын аныктоого жардам берет.