АРСТАНБАП ШАРКЫРАТМАЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Begay
No edit summary
imported>Kadyrm
м (→‎top: категория кошуу)
2 сап: 2 сап:


''С. Байгуттиев.''<br>
''С. Байгуттиев.''<br>
[[Категория:1-Том]]

04:21, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -деги абалы

АРСТАНБАП ШАРКЫРАТМАЛАРЫ Бабаш-Ата кырка тоосундагы Арстанбап (Кара-Үңкүрдүн оң куймасы) суусунда. Ош облусунун Базар-Коргон районунда. Арстанбап кыштагына жакын, тоонун этек жагындагы тик аскадан агып түшөт. Мында эки (Чоң жанa Кичи Арстанбап) шаркыратма бар. Чоң шаркыратманын жалпы бийиктиги 200 мдей, үч баскычтан турат. Cyy аскада эки жак бети жалама зоолуу кууш каньонду пайда кылат.

Файл:АРСТАНБАП ШАРКЫРАТМАЛАРЫ 30.png
Арстанбап шаркыратмасы.


Кооздугу жагынан Кичи Арстанбап шаркыратмасы айрыкча көңүлдү бурат; бийиктиги 20 мдей. Чачыраган майда суу тамчылары күн нуруна чагылышып, көк желе пайда кылат. Acкалардын бети жашыл эңилчектер менен капталган. Ал шаркыратма айланасындагы табигый кооздуктун (мөмө-жемиш токою ж. б.) көркүнө көрк кошуп турат. Мурунку убакта шаркыратмалар, айрыкча кичинеси динчилердин зыярат кылган ыйык жери болсо, азыр туристтердин, эс алуучулардын сүйгөн жайына айланып калды.

С. Байгуттиев.