АРСТАНБАП КҮМБӨЗҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
497-555>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:48, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

– 16–18-к-га таандык археол. эстелик. Жалал-Абад обл-нун БазарКоргон р-нундагы Арстанбап кыштагынын аймагында, Арстанбап суусунун сол өйүзүндө. Күмбөз узун төрт бурчтук түрүндө курулган. Төрт бурчунда кооздолгон тирөөчтөрү бар. Эшигинин үстү үч бурчтуу, арка түрүндө жасалган. Күмбөздүн туурасы 5,7 м, уз. 9,9 м; кумпа чатырлуу. Дубалына жалбырактардын, бутактардын сүрөттөрү, оймо-чиймелер түшүрүлгөн. А. к. О. Азия элдеринин соңку феодализм дооруна таандык курулуш үлгүлөрүнө кирет.