АРСЕНОПИРИТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
497-555>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:48, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

(лат. arsenicum – мышьяк ж-а пирит), мышьяк колчеданы – темирдин сульфид-мышьяктуу бирикмелер тобундагы минерал. Хим. формуласы FeAsS. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өңү калай сыяктуу бозомук, металл сымал жалтырак. Катуулугу Mooc шкаласы б-ча 5,5-6. Катуу нерсе м-н чапкылаганда, сарымсак жыттанат. Сульфид кенташтары (рудалары) м-н аралаш жолугат. А. мышьяк бирикмелерин алууда негизги кенташ; андан кээде кобальт м-н никель алынат.