АРРЕНИУС: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
497-555>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:48, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

Сванте Август (19. 2. 1859-2. 10. 1927) – физ. химия б-ча швед илимпозу. Швед ИАнын мүчөсү (1901), бир топ өлкөнүн академияларына ж-а СССР ИАнын ардактуу мүчөсү (1926). Кембридж, Оксфорд, Бирмингем ж. б. ун-ттердин ардактуу доктору, электролит диссоциация теориясынын негиздөөчүсү. Упсал унтин бүтүргөн соң (1882), Стокгольм ИАнын физ. ин-тунда иштейт. 1895-жылдан Стокгольм унтинин проф., Нобель сыйл. лауреаты (1903).
1905-жылдан Нобель ин-тунун директору. Электролиттердин суюлтулган эритмелеринин электр өткөргүчтүгүн изилдеп, алардын молекуласы эриген учурда заряддалган бөлүкчөлөргө – иондорго ажырайт деген жыйынтыкка келген (1887). Анын электпролитптпик диссоциация теориясы – 19-к-дагы улуу ачылыштардын бири, ал эритмеле рди андан ары изилдөөгө негиз берди.