АРМОКОЛИТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
497-555>KadyrM No edit summary |
imported>Kadyrm м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
12:48, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы
(Айга алгачкы жолу учкан америкалык астронавттар – Армстронг, Олдрин,
Коллинздин аттарынан) – табигый оксиддер
классындагы сейрек минерал. Хим. формуласы
(Mg, Fe2+) Ti2O5. Айдын кыртышынын үлгүсүнөн
табылган. Ромб сингониясында кристаллданат.
Өңү боз, металлдай жалтырак. Катуулугу Mooc
шкаласы б-ча 5. Бүртүкчө түрүндө (300 микронго чейин) кездешет. Минерал төмөнкү басымда
ж-а жогорку темп-рада пайда болот. Жер бетинде
айрым магма тоотектеринде ж-а метеориттерде
кездешет.