АРКЕСИЛАЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
497-555>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:48, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

(б.з.ч. 315, Этолиядагы Питана - 240, Афины) – байыркы грек философу, платончул академиянын башкаруучусу, «Экинчи» (Орто) академиянын негиздөөчүсү. Ал догматизмге каршы болуп, «бардыгын дагы бир жолу изилдөө» принцибин өнүктүргөн. Анын пикиринде философиянын башкы максаты – акыйкатка ээ болуу эмес, адашуулардан арылуу. Мындай көз караш ойчулду ой-жүгүртүүлөрдөн алыс болуу жобосуна алып келген. Анын ою б-ча чындыкты акыл-эстин да, сезимдин да жардамы м-н таанып билүү мүмкүн эмес. Ушул себептен ал ой жүгүртүүдөн оолак болууга чакырган. Ал адамдын тажрыйбалык ишмердиги жетиштүү деген.
Г. Т. Ботоканова.