АРИАНЧЫЛЫК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
433-496>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

– александриялык поп Арий тарабынан негизделген христиандык диний окуу. Ал (318-ж. чен) расмий түрдө чиркөө жоболоруна каршы чыккан. Кудай уулу Христос

Кудай атадан жаралгандыктан, ал түбөлүктүү эмес ж-а акылмандуулугу б-ча Кудай атага салыштырганда экинчи даражада турат деп далилдеген. Анын тарапкерлери көп болсо да, чиркөө тарабынан көп кысымчылыкка, куугунтуктоого дуушар болгон. Ошондой болсо да А-тын дин окуусу христиан дининде (к. Троица) кудай ата, кудай уулу ж-а кудай ыйык рух, периште ж-дөгү догматтын чыгышына алып келди.
М. Абдылдаев.