АРЕФЬЕВ Анатолий Васильевич: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
433-496>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

Анатолий Васильевич (24. 11. 1918,

Ставрополь ш. – 28. 1. 1989, Днепропетровск) - театр сүрөтчүсү, Кыргыз ССР (1962) ж-а СССР (1967) эл сүрөтчүсү. Кыргыз мамл. опера ж-а ба-
лет театрында 1947-жылдан сүрөтчү, башкы сүрөтчү (1949-71). А. «Манас», «Айчүрөк», «Кыз Жибек», «Оптимисттик трагедия», «Жамийла», «Аида», «Чолпон», «Уйкудагы сулуу» ж. б. 79 опера ж-а балет спектаклин жасалгалаган. А. респ., бүткүл союздук ж-а эл аралык масштабда (Вена, Париж, Лондон, Бразилия) өткөрүл-
гөн сүрөт көргөзмөсүнүн бир нече жолку катышуучусу. Ал Ленинград акад. опера ж-а балет театрында коюлган «Тынч Дон» операсынын, Кыргыз мамл. опера ж-а балет театрында коюлган «Белгисиз жоокер» ж. б. опералардын жасалгалары үчүн биринчи даражадагы диплом алган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депута­ты. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери м-н сыйланган.
Ад.: Джусупова О.Н., А. В Арефьев. Ф., 1958.

Файл:АРЕФЬЕВ 59.png
Файл:АРЕФЬЕВ 60.png
А. Холминовдун «Оптимисттик тра­гедия» операсына декорациялык эс­киз. 1963.