АРЕАЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
433-496>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

(лат. area – аянт, мейкиндик) – жаныбарлардын ж-а өсүмдүктөрдүн белгилүү түр, уруу

ж-а тукумунун жер бетинде таралган аймагы. Андагы түр ошол аймактын бардык жеринен кездешсе – т у т а ш, аймакта түрлөр топ-топ болуп бөлүнүп кездешсе – үзгүлтүктүүА. деп аталат. А-дын аянты ар түрдүү, мис., ай­рым түрлөр чакан аянтта (тоо чокусу, арал, капчыгай, көл) гана, башкалары өтө кеңири таралып, бир нече материкте, аймакта жашайт. Кээ бир түрлөр (дан өсүмдүктөрү, таранчылар) Жер шарынын бардык булуң-бурчунда тарал­ган. Булар космополиттер деп аталат. Аны үйрөнүү фауна м-н флораны аныктоодо чоң мааниге ээ. А-ды изилдөө картага түшүрүү м-н жүргүзүлөт.