АРАЛ кыштагы (Ноокен): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
433-496>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

 Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-ндагы

кыштак. Арал айыл аймагына караштуу. Ж огорку Арал ж-а Төмөнкү Арал айылдарынан турат. Деңиз деңг. 620 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыш-нан 8 км түш.-чыгыш тарапта, облустун борбору ж-а темир жол бекети Жалал-Абад ш-нан 48 км. Калкы 1178 (2009); негизинен пахтачылыкта, дан өсүмдүктөрүн ж-а жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Негизги мектеп, кесиптиктех. окуу жайы, амбулатория, мад-т үйү, мечит, 2 тегирмен, май жуаз, стадион бар. Дыйкан ж-а жеке чарба уюшулган.