АПТА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
433-496>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

, ж у м а – жети суткага барабар убакыт

мезгили. Ар бир күндүн өз аты бар. Жети күндүк А. биринчи жолу Байыркы Чыгышта колдонулган. Ал б. з. ч. 1-к-да Римде киргизилип, андан кийин Батыш Европага жайылган. А-нын күндөрү 7 асман нерсесине (телосуна) байланышын аталган. Мис., ишемби Сатур'н күнү, андан кийинкилери Кун, Ай, Марс, Меркурий, Юпитер, Чолпон күндөрү деп аталган. Кээ бир элде убакытты беш күндүк ж-а он күндүк А-га бөлүү ка­был алынган. Мис., Байыркы Египетте он күндүк (декада) А. болгон, мындай А. Франция рев-ясынын календарында да кезигет. А. күндөрү кыргызча төмөнкүдөй аталат: дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби, жекшемби.