АПИС: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
433-496>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

байыркы Египеттеги «касиеттүү» бука.

Птаха кудайынын жаны катары эсептелген. Кийин Осирис ж-a Ра кудайлары м-н байланыштырылган мифтер кездешет. Б. з. ч. 3-миң жылдыкта түшүмдүүлүктүн пири катары сыйынышкан. Ал көп малдын ичинен өзгөчө белгилери б-ча тандалып, өзүнчө багылган. Диний жөрөлгөлөрдү аткарууда пайдаланылып, өлгөндөн кийин аны ардактап көмүшкөн (Мемфистин жанындагы Серапеум катакомбасынан 64 му­мия табылган).