АНТРОПОЦЕНТРИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
433-496>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:15, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

(антропо'... ж-а лат.

centrum – борбор) – демейки мааниси: Ааламдын борбору – адам ж-а анын жогорку максаты; ил. мааниси: адамды ааламдын борбору
катары карап, өзүнөн бийик турган эч ким
жок, автономдуу жаратман деп түшүндүргөн философиялык көз караштардын ориентациясы. Европалык жаңыча ой жүгүртүүнүн жал­пы мүнөзүн билдирген дүйнөгө көз караш ката­ры Кайра жаралуу доорунда калыптанган. Апос­тол Павелге улай, Августин адамдагы али белгисиз түпкү теренде катылып жаткан Рух уңгусун ачкан. Анын пикири б-ча табышмактуу жан дүйнө ээсинде (адамдын өзүндө) эч билинбей терең түпкүрдө «кулпуланып» жаткан, жалаң гана кудайга маалым нерсе. Аны билүү, андай жөндөмгө жетүү – Теңир таанымга тете сыяктанат, б. а. ашкере сырттан, ашынган өзүмчүл, агрессивдүү Кудай адамдар чыгышына өбөлгө (Ф. Ницше) түзүүдө. Постмодерн философиясынын өкүлдөрү да жогоркудай Ф. Ницше оюна жакын варианта турушат.