АНТРОПОСОФИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
433-496>KadyrM No edit summary |
imported>Kadyrm м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:15, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
(антропо... ж-а гр. sophia -
акылмандык) – дүйнөнүн, адамдын руханий
табияты («рух ж-дөгү илим») ж-а аларга жетүүнүн ыктары тууралуу окуу. Немец философу
Р. Штейнер тарабынан негизделген. 1913-ж.
А-лык коом түзүлүп, аны ушул идеялык агымды негиздөөчү өзү жетектеген. 1996-ж. коомдун
мүчөлөрү 53 миңге жеткен. Бул окуу адам рухунун, жан дүйнөсүнүн сезим кудуретинен тыш,
б. а. ашкере сезгичтик жактарын изилдөөгө
алат. Адам өзүн космикалык жан (существо)
катары таануу м-н өзүндө өтө ашкере сезгичтик
жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү аркылуу аалам м-н
адамдагы жашыруун күчтөрдүн байланышын
табууга жол ачат. Ал эми аларды таанып билүүгө алып барчу жол адамдын жан дүйнөсүнүн
тереңинде жатат. Г. Т. Ботоканова.