АНТОНИЙ МАРК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

19:20, 4 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

 (б. з. ч. 83-30-ж.) – римдик

саясий ишмер ж-а кол башчы. Юлий Цезардын жактоочусу. Цезарь өлгөндөн кийин сенат ага каршы аскерлерин жиберип, 43-ж. А. жеңилет. 42-ж. Октавиан ж-а Лепид м-н бирдикте Бруттун ж-а Кассийдин аскерлерин талкалап, 2- триумвиратты негиздеген. Андан кийин А. Рим державасынын чыгыш провинцияларын алып, ал жерде чексиз бийлик жүргүзгөн. Египет ханышасы Клеопатра м-н жакындашып, Клеопатрага ж-а анын балдарына чоң аймактарды тартуу кылган. Ага нааразы болгон Сенат Клеопатрага каршы согуш жарыялап, Акций кысыгында египеттик флоттун жеңилиши (31-ж.) м-н аяктаган. Октавиандын аскерлери Египетке басып киргенден кийин, А. өзүн өзү өлтүргөн.