АНТИГОНИДДЕР: нускалардын айырмасы
imported>Kadyrm м (→top: категория кошуу) |
imported>Gulira мNo edit summary |

| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АНТИГОНИДДЕР –''' Македониядагы падышалардын династиясы ( | '''АНТИГОНИДДЕР –''' Македониядагы падышалардын династиясы (биздин заманга чейин 306–168-жылдар). ''Александр Македонскийдин'' кол башчысы «Жалгыз көздүү» Антигон I негиздеген (306–301-жылдары бийлеген) жана улуу Деметрий I Полиоркет (301–286-жылы бийлеген) экөө тең падышабыз деп жарыялаган. Деметрий I туткунда өлгөндөн кийин, анын мурасчысы болуп уулу Антигон II Гонат (283–239-жылдарда башкарган) калат. Антигониддердин кийинкилеринен күчтүүсү Филипп V (221–179) кеңири эл аралык саясат жүргүзүп, 215-жылы Карфаген кол башчысы ''Ганнибал'' менен союз түзгөн. Грекияда өз үстөмдүгүн күчөтүү үчүн жасаган аракети Филипп Vни Рим менен кагылыштырган. Киноскефалдагы салгылашууларда жеңилгенден кийин, Македониядан тышкаркы аймактагы ээлигинен баш тарткан соң, Грекияны римдиктер бийлеп калган. Анын мурасчысы уулу Персей (179–168) 168-жылдары Пидндеги салгылашууда жеңилип, Македония кыйраган жана Римге биротоло баш ийип калган.

[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
11:00, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
АНТИГОНИДДЕР – Македониядагы падышалардын династиясы (биздин заманга чейин 306–168-жылдар). Александр Македонскийдин кол башчысы «Жалгыз көздүү» Антигон I негиздеген (306–301-жылдары бийлеген) жана улуу Деметрий I Полиоркет (301–286-жылы бийлеген) экөө тең падышабыз деп жарыялаган. Деметрий I туткунда өлгөндөн кийин, анын мурасчысы болуп уулу Антигон II Гонат (283–239-жылдарда башкарган) калат. Антигониддердин кийинкилеринен күчтүүсү Филипп V (221–179) кеңири эл аралык саясат жүргүзүп, 215-жылы Карфаген кол башчысы Ганнибал менен союз түзгөн. Грекияда өз үстөмдүгүн күчөтүү үчүн жасаган аракети Филипп Vни Рим менен кагылыштырган. Киноскефалдагы салгылашууларда жеңилгенден кийин, Македониядан тышкаркы аймактагы ээлигинен баш тарткан соң, Грекияны римдиктер бийлеп калган. Анын мурасчысы уулу Персей (179–168) 168-жылдары Пидндеги салгылашууда жеңилип, Македония кыйраган жана Римге биротоло баш ийип калган.