АНТАРКТИКА АЛКАГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
324-432>KadyrM
No edit summary
324-432>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

03:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

– Жер шарынын эң

түштүгүндөгү геогр. аймак. Антарктиданы ж-а аны курчаган океан сууларын, аралдарды ээлейт. Алкактын чеги адатта эң жылуу айдын (январь же февраль) 5°С изотермасы аркылуу жүргүзүлөт. А. а. ызгаардуу суук климаты, эң төмөнкү радиациялык балансы (жай айларынын орточо темп-расы нөлдөн төмөн болот), уюл түндөрүнүн узактыгы, антарктидада аба массаларынын үстөмдүк кылышы м-н өзгөчөлөнөт. Биол. ж-а геохим. процесстер өтө жай жүрөт. Мында Жер шарындагы бардык мөңгүлөрдүн 85,3% топтолгон. Муздан бошогон ачык жерлеринде гана суйдаң өскөн мамык чөп (мох), эңилчектер учурайт.