АНЖИЯН ШААРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
324-432>KadyrM
No edit summary
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

04:21, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

 Өзбекстан Респ-сындагы

шаар, Анжиян облусунун адм. борбору. Фергана өрөөнүнүн чыгышында жайгашкан. Калкы 410 миң (2015). Темир жол түйүнү. Аэропорт бар. 9-к-дан Андукан деген ат м-н белгилүү болуп, Саманид, Караханид, Монгол Тимурид, Бухара ж-а Кокон хандыктарынын курамына, 1876-ж. Россия империясынын курамына кирген. 1898-ж. Анжиян көтөрулушунун башкы борбору болгон. Өзбекстандагы маанилүү өнөр жай борбору. Машина куруу (электртех., ирригация жабдуулары), жеңил (кебез-кездеме, буткийим, трикотаж, тигүү), тамак-аш-татымал өнөр жайы; гидролиз ж-а 2 пахта з-ду бар. Төрт ЖОЖ, тарыхый-край таануу музейи, медресе, Жами минарети (19-к-дын аягы), муз.-драма (1919), «Лола» куурчак ж-а Жаштар театры иштейт.