АНЕРОИД: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
324-432>KadyrM
No edit summary
324-432>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

03:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

 (а... ж-а гр. neros – суу, б. а. суюктуксуз аракетке келтирүү), барометр анероид – атм. басымын өлчөөчү прибор. Ичиндеги аба сорулуп алынган, серпилгич болуш үчүн

гофрирделген жука металл кутучадан турат. Абанын басымы көтөрүлгөндө, кутуча кысылып, өзүнө бекитилген пружинаны тартат, абанын басымы төмөндөгөндө, пружинанын ийилгени тартылат да, кутучанын үстүнкү капталы көтөрүлөт. Пружинанын мындай өзгөрүшү рычаг аркылуу ага бекитилген жебеге (В) берилет. Шкала (С) б-ча жебе кыймылдап басымды көрсөтөт. Өлчөө каталыгы 1-2 гПа. А. алып жүрүүгө ыңгайлуу болгонуктан, бийиктикти өлчөөдө да колдонулат.
Ад.: Стернзат М. С. Метеорологические приборы и измерения. JL, 1978.