АНДЕЗИТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
324-432>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

00:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(Түш. Америкадагы Анд тоолорунун атынан) – порфир структурадагы эффузив

тоо теги. Курамында Si02 54-62% ж-а K20+Na20 6% ке чейин. 1836-ж. нем. геологу К. JI. Бух алгачкы жолу аныктаган. Негизинен жанар тоо айнегинен турат; айнектин арасында плагиоклаз, андезин, пироксен, кээде магнетит, роговая обманка сыяктуу минералдардын кристаллдары учурайт. А. курамы кремний (56–60%) ж-а калийден, магнийден, кальцийден, темирден турган жанар тоо лаваларынын жер үстүндө же ага жакын тереңдикте сууп, катууланусунан пайда болот. Базальттар м-н чогуу азыркы ж-а байыркы жанар тоолордун аймактарында, жер үстүнө чыккан тоо тектердин негизги бөлүгүн түзөт. А. к-таларга чыдамдуу буюмдарды жасоодо ж-а курулуш иштеринде пайдаланылат.