АНАРОВ Алля: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>)
imported>Dilde
м (Dilde moved page АНАРОВ to АНАРОВ Алля)
(Айырма жок)

09:48, 14 Июль (Теке) 2023 -деги абалы

АНАРОВ Алля [1907, Ош обл., Араван р-ну, Ачы (Беш-Бадам) айылы – 1979, ошол эле жерде] – а. ч. өндүрүш новатору, эки жолу Соц. Эмг. Баатыры (1948,1951), Кыргыз ССРинин дыйканчылыкка эмг. сиң. устаты (1945). Коллективдештирүү учурунда алгачкылардан болуп колхозго кирген. 1936-51-ж. Ош обл-нун Араван р-нундагы "Коммунизм» колхозунун звено башчысы. Ал жетектеген звено пахта өстүрүү иштеринде алдынкы агротех. ыкмаларды колдонуп, 1948-49- жылдары 6 гектар жердеги, 1950-ж. 10 гектар жердеги пахтанын ар гектарынан мол түшүм өстүрүп алууга жетишкен. 1951-62-ж. ошол эле колхоздун талаачылык бри

гадасынын, 1962-67-ж. пахтачылык бригадасынын бригадири. 1967-68-ж. жаңы уюшулган «Пахтачы» совхозунун пахтачылык бригадасын жетектеп, ал совхоздун дың жерлерин өздөштүрүүнүн демилгечиси болгон. 1958-62-ж. СССР Жогорку Советинин, 1951-59-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Беш Ленин ордени, Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.