АНАНД Вишванатан: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
324-432>KadyrM
No edit summary
324-432>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

03:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

Вишванатан (11.12.1962-ж.т., Мадрас) –

индиялык шахматчы, эл аралык гроссмейстер (1988). ФИДЕнин дүйнөлүк чемпиону (2000), жаштар арасындагы мелдештин жеңүүчүсү (1987). 1991-жылдан дүйнөлүк мелдештердин катышуучусу. 1995-ж. Г. Каспаровго утулган (НьюЙорк). Көптөгөн Эл аралык мелдештердин [Реджо-нель-Эшилия (1991–92), Линарес (1992 ж-а 1998) ж. б.] жеңүүчүсү. Дүйнө кубогунун (Кытай, 2000) ж-а эң мыкты шахматчыга ыйгарылуучу «Оскар» сыйлыгынын (1997, 1998, 2003 ж-а 2004) ээси. Москва (1994), Монако (1994), Женева (1996) ж. б. шаарларда өткөн тез ойнолуучу шахмат б-ча мелдештердин жеңүүчүсү.