АНАЛОГИЯЛУУ ОРГАНДАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

19:20, 4 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(гр. analogos -

окшоштук) – ар башка систематикалык топко кирген организмдердин окшош органдары. Органдардын мындай окшоштугу аткарган кызматына байланыштуу. Алар организмдердин теги бир экендигин аныктоого негиз боло албайт. Анткени, алар аткарган кызматтары б-ча окшош болгону м-н келип чыгышы б-ча айырмаланат. Алардын окшоштугу организмдердин бир экол. чөйрөгө ыңгайланышынын, б. а. конвергенциянын негизинде келип чыгат. Бир эле чөйрөдөгү ар башка топтун организмдеринин окшош органдары бири бирине көз карандысыз өөрчүгөн. Мис., сөөктүү ж-а кемирчектүү балыктардын дене ж-а сүзгүч канаттарынын окшоштугу же алардын дене формасына сүт эмүүчү дельфиндин денесинин окшоштугу ж. б.