АНАЛИЗДИК ЖАНА СИНТЕЗДИК ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ: нускалардын айырмасы
imported>Kerimova-59 No edit summary |
imported>Temirkan No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''Анализдик жана синтездик ой жүгүртүү–''' грамматикалык же логикалык ар тараптуу анализдин негизинде, элементтерге ажыраган объектти бир бүтүн системага бириктирүү ж-дөгү ой толгоо. Анализдик ой жүгүртүүдө чындык таза логикалык анализ жолу м-н орнотулат (терминдер, баяндоолор). Синтездик ой жүгүртүү ички информацияга, логикадан сырткары чын билимдерге кайрылуунун натыйжасында негизделет. А. ж-а С. о. ж. деп бөлүү Лейбницте кездешет. Бул терминдерге Кант ачык түшүндүрмө берет. Канттын ою б-ча синтездик априордук болушу да мүмкүн. Азыркы кездеги логикада ж-а илимдин методологиясында анализдик ой жүгүртүү тилдин семантикалык эрежелеринин натыйжасында ырастоолордун мүмкүнчүлүгүнүн негизи катары түшүндүрүлөт. Ушуну м-н аналитикалык дүйнөнү кароонун акыркы өбөлгөлөрү м-н байланыштуу. Ал эми синтездик болсо ушул жаңы билимдин тилинин семантикалык алкагында баяндоо мүмкүнчүлүктөрү м-н байланыштуу.<br> ''Ш. К. Алиева.'' | |||
11:24, 23 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
Анализдик жана синтездик ой жүгүртүү– грамматикалык же логикалык ар тараптуу анализдин негизинде, элементтерге ажыраган объектти бир бүтүн системага бириктирүү ж-дөгү ой толгоо. Анализдик ой жүгүртүүдө чындык таза логикалык анализ жолу м-н орнотулат (терминдер, баяндоолор). Синтездик ой жүгүртүү ички информацияга, логикадан сырткары чын билимдерге кайрылуунун натыйжасында негизделет. А. ж-а С. о. ж. деп бөлүү Лейбницте кездешет. Бул терминдерге Кант ачык түшүндүрмө берет. Канттын ою б-ча синтездик априордук болушу да мүмкүн. Азыркы кездеги логикада ж-а илимдин методологиясында анализдик ой жүгүртүү тилдин семантикалык эрежелеринин натыйжасында ырастоолордун мүмкүнчүлүгүнүн негизи катары түшүндүрүлөт. Ушуну м-н аналитикалык дүйнөнү кароонун акыркы өбөлгөлөрү м-н байланыштуу. Ал эми синтездик болсо ушул жаңы билимдин тилинин семантикалык алкагында баяндоо мүмкүнчүлүктөрү м-н байланыштуу.
Ш. К. Алиева.