АНАЛИЗДИК-СИНТЕЗДИК МЕТОД: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
324-432>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

00:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

– анализ

м-н синтезди айкалыштырып колдонуу аркылуу окутуу. Дидактпикада бул метод алгач сабаттуулукка үйрөтүүдө колдонулган. Анткени сабаттуулукка үйрөтүү негизинен сөздүн составын ж-а анын тыбыштарынын удаалаштыгын кабыл алууга (тыбыштык анализ) ж-а графикалык белгилери б-ча сөздүн тыбыштык түзүлүшүн калыбына келтирүүгө (тыбыштык синтез) таянат. А.-с. м. маселе чыгарууда да кеңири колдонулат. Мында маселе курамдык бөлүктөргө бөлүнөт, б. а. маселенин берилишинен анын шарты, талабы, суроосу өзүнчө бөлүнүп алынат, маселенин шарты белгилүүлөргө ж-а белгисиздерге ажыратылат, андан кийин кандайдыр бир ырааттуулукта майда суроолорго жоопторду табуу м-н акырында маселенин талабын, суроосун канааттандырган жооп алынат.