АНАКСИМЕН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
324-432>KadyrM
No edit summary
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

04:21, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

Милетский (б. з. ч. 585–524) –

байыркы грек философу, милет мектебинин өкүлү, Анаксимандрдын окуучусу ж-а ишин улантуучусу. Астрономиялык көрүнүштөрдү изилдеген, аларды табигый түрдө түшүндүрүүгө аракет жасаган, о. эле дүйнөнүн негизине материянын белгилүү бир түрүн койгон. Ал чексиз, түгөнбөс, белгилүү бир түрдү ээлеген абаны мисалга келтирип ж-а аны жашоонун башталышы деп жарыялаган: Абадан баары пайда болот ж-а ага баары кайтып келет, абадан кийин гана калгандар пайда болот. Абанын пайда болушу оттун, андан кийин шамал-булуттар, суу, жер-таштардын пайда болушуна алып келет. Дүйнөнүн пайда болушу ж-а өнүгүшүнүн табигый түшүндүрүлүшүн А. Кудайдын келип чыгыш мамилесине даты таратат. Ал «Баштапкы болуп чексиз абал эсептелет» – дейт. Милет мектебиндеги натурфилософиянын акыркы өкүлү катары дүйнөнү матер, түшүндүрүүгө аракет кылган.

Ш. К. Алиева.