АМПЕРМЕТР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm м (1 версия) |
324-432>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
00:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
– турактуу ж-а өзгөрмө ток күчүн
ченөөчү прибор. Ток күчүн өлчөө чегине карай кило-, милли-, микроамперметрге айырмаланат. Ток чынжырына А. удаалаш туташтырылат. Өзгөрмө токтун күчүн өлчөөдө А. түзөткүч приборлор м-н жабдылат. Күчтүү ток шунт же ток трансформатору же кошумча түзүлүштөрү бар А., ал эми аз чоңдуктагы токту өлчөө үчүн токтун күчөткүчү ж-а күчөтүлгөн сигналды кабыл алуучу электр өлчөгүч механизмдер м-н жабдылган А. колдонулат. Азыркы кездеги ар түрдүү А-лердин ченөөчү чеги 10-15А – 100 кАден жогору. Техникада цифралуу А. кеңири колдонулат.