АМПЕР Андре Мари: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
324-432>KadyrM No edit summary |
imported>Kadyrm м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:21, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Андре Мари (22. 1. 1775-10. 6. 1836) -
фр. физиги ж-а математиги; электр динамикасын негиздөөчүлөрдүн бири, Париж ИАга мүчө (1814). 1805-жылдан Париждеги политех, мектепте иштеген. Ушул мезгилде ыктымалдык теориясы, вариациялык эсептөө, матанализ б-ча эмгектерин жарыялайт. 1824-жылдан Париждеги Нормалдуу мектептин проф. А. физика б-ча иштери м-н ири окумуштуулардын катарына кошулган. 1820-ж. X. К. Эрстед электр тогунун магнит жебесине жасаган аракетин ачкандан кийин, А. ток аракети м-н магнит жебесинин кыйшаюу багытын аныктаган. Анын кийинки изилдөөлөрү электр тогу өткөн учурда өткөргүчтөрдүн өз ара аракеттенүүлөрүнүн ачылышына ж-а бул өз ара аракеттенүү күчүнүн чоңдугун аныктоого алып келген (к. Ампер закону). А. 1-жолу магнетизм теориясын түзгөн.