АМОНАШВИЛИ ШАЛВА АЛЕКСАНДРОВИЧ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Mariya
No edit summary
imported>Mariya
(Айырма жок)

03:55, 18 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АМОНАШВИЛИ Шалва Александрович (8. 5. 1937-ж. т., Тифлис) – грузин педагогу. Балдарды алты жаштан баштап мектеп шартында окутуунун демилгечиси. Башталгыч билим берүүнүн жалпы мазмунун, формаларын ж-а методдорун аныктоо багытында эксперимент жүргүзгөн ж-а анын натыйжаларын «Саламатсыңарбы, балдар!» (1983), «Алты жаштан мектепке» (1986), «Кандай өмүр кечирип жатасыңар, балдар?» (1986), «Педагогикалык процесстин инсан таламдуу негиздери» (1990) аттуу эмгектеринде корутундулаган. Ал мектептеги 5 баллдык системага, балдарды бири-бирине салыштырып кароо сыяктуу салттуу ыкмаларга тескери мамиледе болгон. Балдардын энергиясын жемиштүү иш-аракеттерге багыттоо б-ча педагогдор үчүн сунуш, кеңештерди иштеп чыккан. Ш. Амонашвилинин пед. көз караштары, идеялары Кыргызстанда да кеңири белгилүү. Ал республиканын пед. коомчулугунун өкүлдөрү м-н тыгыз кызматташуу максатында бир нече жолу Кыргызстанга иш сапары м-н келип, мугалимдер үчүн лекция, семинарларды өткөргөн, айрым аспиранттардын диссертациялык изилдөөлөрүнө жетекчилик кылган.